24.02.21

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 24-февраль күнү, Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу, президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана эки өлкө тең кызыкдар болгон бардык маселелер боюнча биргелешип иш алып баруунун келечегин талкуулашты.

Россиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровду көргөнүнө кубанычта экендигин айтып, коронавирус пандемиясы менен байланышкан оорчулуктарга жана чектөөлөргө карабастан, өзү менен жеке жолугушуп, баарлашканына канааттанганын билдирди.

Владимир Путин: “Биздин өлкөлөрдүн ортосунда жылуу жана тыгыз мамилелер гана эмес, союздаштык жана артыкчылыктуу багыттагы алакалар дагы түзүлдү. Россиянын Кыргызстан менен болгон соода-экономикалык байланышында алдыңкы орунда экендигине абдан кубанычтамын. Өлкөдөгү ички саясий кырдаалды жөнгө саласыз деп абдан үмүттөнөбүз”, - деп белгилеп өттү.

Владимир Путин Садыр Жапаровдун иш сапарынын күн тартибинде көп маселелер каралганын, бардык деңгээлде көптөгөн иш-чаралар жана жолугушуулар пландаштырылганын, бул эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө пайда алып келерин кошумчалады. Ал ошондой эле пандемия менен күрөшүүдө Россия жардам бергенин белгилеп, Кыргызстандын инфекциянын жайылышына бөгөт коюу үчүн жасаган аракетине канааттанганын билдирди.

Садыр Жапаров өз кезегинде, мамлекет башчысы катары чет өлкөгө болгон биринчи иш сапарынын Россияга жасалышы, эки өлкөнүн мамилелеринин жогорку деңгээлде экендигин далилдей тургандыгын белгилеп келип: “Биз Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ), Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги (КМШ), Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) жана Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) алкагындагы евразиялык интеграцияны мындан ары да тереңдетүүнү көздөйбүз. Бул өлкөнүн тышкы саясий курсунун артыкчылыгы”,- деп билдирди.

Мындан сырткары, эл аралык коомчулук тарабынан тастыкталган россиялык вакцинанын натыйжалуулугун жана коопсуздугун баса белгилеп, Кыргызстанда массалык вакцинациялоо өнөктүгү жакын арада башталаарына үмүт артарын билдирди.

Садыр Жапаров Кыргызстан Россия менен кызматташууга даяр экенин айтып, Владимир Путинди Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Эки өлкөнүн башчылары мамлекеттер аралык диалогдун жогорку деңгээлин ырасташып, саясий, аскердик-техникалык, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү үчүн өз ара колдоого даяр экендигин баса белгилешти.

http://kg.kabar.kg/news/prezident-sadyr-zhaparov-vladimir-putin-menen-zholuktu/