26.02.21

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 26-февраль күнү,  Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу, президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Баарлашуунун жүрүшүндө, Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоганды туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук, мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Президент Садыр Жапаров Түркия мамлекетине 2020-жылы коронавирус пандемиясы менен күрөшүү учурунда, Кыргызстандын элине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровду Кыргызстандын президенти кызматына расмий киришкендиги менен дагы бир жолу куттуктап, Түркияга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде, Садыр Жапаров дагы Режеп Тайип Эрдоганды Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташууну арттыруу боюнча биргелешкен пландарды белгилешти.

https://ru.sputnik.kg/politics/20210226/1051606150/erdogan-zhaparov-telefon-razgovor-pozdravlenie.html