02.03.21

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2-март күнү, мамлекеттик иш сапарынын алкагында, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту. Бул тууралуу, президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Көрүшмө учурунда, мамлекет башчылары өлкөнүн ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле биргелешкен өз ара алаканын мындан аркы келечеги талкууланды.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду мамлекет башчысы кызматына шайланышы менен дагы бир жолу куттуктады.

Касым-Жомарт Токаев тараптар күн тартибиндеги эки тараптуу бир катар актуалдуу маселелерди талкуулашканын, мындан аркы алакалардын негизги багыттарын аныкташканын, аймактык жана эл аралык мамилелердин алкагында диалогду бекемдөө боюнча пикир алышкандыгын айтып, тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанганын белгиледи.

Казакстандын президенти өлкөлөр ортосунда өз ара алгылыктуу чечимдерди табууга мүмкүн болбой турган маселе жок экендигин кошумчалап келип: “Тескерисинче, биз өз ара аракеттенүүнүн ар кандай аспектилерин кароого ыкчам жана конструктивдүү мамиле жасоо ниетибизди билдирдик”,-деп белгилеп өттү.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын делегациясынын атынан, казак тараптын жылуу тосуп алгандыгына ыраазычылыгын билдирди.

Президент Садыр Жапаров эгемендүүлүк жылдарында өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин бекем пайдубалы түптөлгөнүн жана кызматташуунун жогорку деңгээлге жеткендигин билдирди. Казакстан жакынкы коңшу эле эмес, Кыргызстандын маанилүү стратегиялык өнөктөшү экендигин баса белгиледи.

Садыр Жапаровдун белгилешинче, Кыргызстан эки элдин жыргалчылыгы үчүн Казакстан менен ар тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө багытталган тышкы саясатты мындан ары да жигердүү жүргүзөт.

Коронавирус пандемиясы маалында Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүүдө, биринчи кезекте, алардын башка мамлекеттерден өз мекенине кайтып келүүсүнө көмөк көрсөтүү маселелеринде эки өлкө ортосунда конструктивдүү кызматташуунун оң тажрыйбасы калыптангандыгын кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров бүгүнкү сүйлөшүүлөр эки өлкө ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелердин өнүгүүсүн жаңы сапаттуу баскычка көтөрө  тургандыгын, Кыргызстан жана Казакстандын стратегиялык жана союздаштык мамилелери мындан ары дагы тереңдеп, кеңейе тургандыгына бекем ишенерин билдирди.

http://kg.kabar.kg/news/sadyr-zhaparov-zhana-kasym-zhomart-tokaev-birgeleshken-bildir-zhasashty/