02.03.21

Россиянын “Четра” компаниясы Кыргызстандын аймагында бульдозерлерди (трактор) чыгарууну ниет кылууда. Эки тараптуу кызматташуу жөнүндө меморандумга, президент Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапарынын алкагында кол коюлду.

Компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, Кыргызстандын аймагында жол, гидротехникалык курулуштар үчүн машиналарды, ошондой эле тоо-кен тармагы үчүн бульдозерлерди чыгаруу пландаштырылууда.
Өндүрүүчүлөр өз продукциясына долбоордук жана технологиялык колдоо корсөтүүнү, бульдозерлердин техникалык тейлөө жана аймактын рыногунда сатууну көздөйт. Аталган компания ошондой эле Кыргызстанда өндүрүлгөн бульдозердин техникалык тектиктерин (блокторду, агрегаттарды) колдонууга ниеттенүүдө.

https://birge.press/rossiyanyn-chetra-kompaniyasy-kyrgyzstanda-buldozer-chygarat/1582/