03.03.21

Пакистандын “Onsole” компаниясы Кыргызстанда биргелешкен бут кийим чыгаруучу ишкана ачуу мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин  маалымат кызматы билдирди.

Бул маселе Кыргызстандын Пакистандагы толук ыйгарымдуу элчиси Эрик Бейшембиев, аталган өлкөнүн “Onsolе” компаниясына таандык ири бут кийим чыгаруучу фабрикасына таанышуу үчүн барган учурда талкууланган.

Пакистандык “Onsolе” компаниясынын өкүлдөрү менен көрүшмө учурунда, биргелешкен ишкана ачуу Кыргызстандын Евроазия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ)  мүчөлүгүн эске алуу менен ишке ашыруу керектиги дагы эске алынды. “Onsolе” компаниясынын өкүлдөрү инвестициялык климатты изилдөө жана  түздөн-түз ишкердик байланыштарды түзүү үчүн Кыргызстанга келүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Мындан тышкары, Эрик Бейшембиев джинсы материалдарын жана килем өндүрүү менен алектенген “Lahore Apparel” жана “Lahore Carpet” компанияларынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Эки компаниянын жетекчилиги, Кыргызстанга жана Пакистанга таандык   ишканаларынын ортосунда ишкердик байланыштарды түзүү үчүн Кыргызстанга келүүнү каалагандыгын билдиришти.

https://www.akchabar.kg/ru/news/pakistanskaya-kompaniya-onsole-gotova-otkryt-v-kr-obuvnoj-zavod/