17.03.21

Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев 15-март күнү, аталган өлкөнүн Равалпинди шаарында  “Kohinoor Textile Mills Ltd” ири текстиль компаниясынын башкаруучусу Тауфик Сайед Сайгол мырза менен жолугушту. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар текстиль тармагында эки өлкөнүн кызматташуусунун келечегин жана алардын ортосундагы тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Элчи Эрик Бейшембиев Кыргызстандын  текстиль өнөр жайынын учурдагы абалы жана анын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу   маалымат берип өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар текстиль тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында кызматташууну кеңейтүүгө жана сүйлөшүү процессин улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Эскерте кетсек, “Kohinoor Textile Mills Ltd” компаниясы 1953-жылы Равалпинди шаарында негизделген жана текстиль өндүрүшүндө 50 жылдан ашык тажрыйбасы бар, Пакистандагы эң байыркы компаниялардын бири болуп эсептелет. Компания алгач 600 токуу машинасы бар, жип ийрүүчү жана токуучу ишкана катары негизделген. Бирок, ондогон жылдардан бери кеңейип жана модернизациялангандан кийин “Kohinoor Textile Mills Ltd” жип ийирүү, токуу,  полиграфия жана сайма сайуу боюнча заманбап мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон компанияга айланган. Компаниянын текстиль товарлары Европа, Америка, Австралия, Түштүк Африка жана Жакынкы Чыгыш Азия өлкөлөрнө сатылат.

https://elgezit.kg/2021/03/17/kyrgyzstan-i-pakistan-namereny-rasshirit-sotrudnichestvo-v-tekstilnoj-otrasli/