11.03.21

Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Кыргызстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында “Вечерний Бишкек” гезитине  маек берди.

Иш сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жана Биргелешкен стратегиялык пландаштыруу тобунун жолугушуусу болуп өттү. Мевлүт Чавушоглу ошондой эле Кыргызстандын жетекчилиги менен көрүшмөлөрдү өткөрдү.

Сиздин Кыргызстанга болгон иш сапарыңыздан күткөн жыйынтыктарыныз кандай?

Менин кесиптешим Руслан Казакбаевдин 5 ай мурун Түркияга болгон иш сапарында айтылган чакыруусуна жооп кылып, мен дагы  сиздердин кооз өлкөңүздөргө келдим. Биздин иш сапарыбыздын алкагында Руслан Казакбаев менен биргеликте, эки өлкөнүн президенттеринин деңгээлинде өтө турган, Жогорку деңгээлдеги Стратегиялык Кызматташтык Кеңешинин 5-отурумуна даярдануу максатында, Биргелешкен Стратегиялык пландаштыруу тобунун отурумун өткөрдүк.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө биз мамилелерибиздин учурдагы абалын, ошондой эле кызматташтыгыбызды мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү боюнча жасай турган кадамдарыбызды талкууладык. Эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмаштык, ошондой эле кызматташуунун конкреттүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыктык.

Жолугушуулардын жүрүшүндө мен Кыргызстандын президенти мырза Садыр Жапаровго жана Кыргызстандын премьер-министри Марипов мырзага биздин президенттин куттуктоолорун жана жакшы каалоо тилектерин  жеткирдим.

Коронавирус эпидемиясынын глобалдык кесепеттери дагы деле болсо сезилип жаткан мезгилде жана 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин башталган Кыргызстандагы саясий өткөөл процесси аяктап бараткан учурда, менин иш сапарым, мамилелерибиздин ар тараптуу өнүгүүсү жана эки тараптуу кызматташтыктын деңгээлинин мындан ары көтөрүлүшү үчүн ылайыктуу учур болду. Бүгүнкү иш сапарымдын жүрүшүндө мен кыргыз бийлигинин ушундай каалоону колдоп жаткандыгына кубанычтамын. Президент мырза Садыр Жапаровдун Түркияга конок катары келиши жана андан кийинки Жогорку Деңгээлдеги Стратегиялык Кызматташтык Кеңешинин жыйыны болгонго чейин мамилелерибизде конкреттүү прогресс болот деп ишенем.

 Кыргызстан жана Түркиянын ортосундагы мамилелерде сизде кандай үмүт бар?

Биз кызматташтыгыбыздын мындан аркы өнүгүүсүн күтөбүз. Ушул максатта биз өз ишибизди улантып жатабыз. Түркия боордош өлкө жана стратегиялык өнөктөш деп эсептеген Кыргызстандын бекемделишине жана өнүгүшүнө өз салымын кошот. Бул маселеде биздин  толугу менен эркибиз бар. Кыргызстандын өзүнүн гүлдөп-өнүгүүсүнө жана туруктуулугуна жумшаган инвестицияларынын аркасында биздин кызматташуубуз биздин каалоолорубузга ылайык тереңдейт жана ар тараптуу болот.

Сиздин оюңуз боюнча, Кыргызстан Түркия экономикасы үчүн канчалык деңгээлде маанилүү?

2018-жылы өткөн Жогорку деңгээлдеги Стратегиялык Кызматташтык Кеңешинин 4-отурумунда биздин мамлекет башчыларыбыз соода жүгүртүүнүн деңгээлин 1 миллиард долларга чейин көтөрүү милдетин коюшкан болучу. Биз кыска мөөнөттө ушул максатка жетүү үчүн зарыл болгон аракеттерди көрүүгө чечкиндүү чараларды көрүүдөбүз. Бул жагынан алганда, биз үчүн маанилүү курал болуп соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын механизми болуп саналат. Биздин Кыргызстан менен соода-экономикалык мамилелерге берген маани-маңыздын бир бөлүгү катары, биздин вице-президентибиз Түркия  тараптан соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы болуп саналат.

Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө биз соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын отурумдарынын жыйынтыгын карадык жана ушул контекстте учурдагы иш-аракеттердин планын ишке ашыруунун жүрүшү менен тааныштык. Алар жакынкы мезгилде эки тараптуу соода жүгүртүүнү мындан ары көбөйтүү жана инвесторлорубуз мезгил-мезгили менен дуушар болушу мүмкүн болгон ар кандай көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн көрүлө турган чараларды талкууладык.

2019-жылдын ноябрь айында, соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 9-отурумунун жүрүшүндө сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө чечим кабыл алынган болучу. Артыкчылыктуу соода жөнүндө макулдашуу боюнча иш-аракеттерге түрткү берүү биздин соода-экономикалык мамилелерибиздеги жалпыбыздын негизги кызыкчылыгыбыз болуп эсептелет.

Түркия Кыргызстанга инвестицияларды көбөйтүүнү пландап жатабы?

Түркия жана түркиялык инвесторлор дос жана боордош Кыргызстанга инвестициялардын көлөмүн көбөйтүүгө даяр. Азыркы учурда биздин жумшай турган инвестициянын жалпы суммасы болжол менен 1 миллиард долларды түзөт. Сиздерге белгилүү болгондой, Кыргызстанда Түркиянын авиакомпаниялары, банктары, тоо кен өнөр жайы, туризм, фармацевтика, көздүн саламаттыгы, чекене соода жана өнөр жай жабдуулары сыяктуу ар кандай тармактарга инвестиция салып келет. Ошондой эле сиздердин өлкөдө биздин фирмалар эл аралык долбоорлордун алкагында курулуш жаатында иш алып барышууда.

Албетте, Түркиянын эң маанилүү мамлекеттик инвестицияларынан болуп, Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана Түркиянын Улуттук билим берүү министрлигинин билим берүү жаатындагы орто билим берүү мекемелери, ошондой эле Кыргыз-Түрк достуктугу мамлекеттик ооруканасы болуп саналат. Түркиянын саламаттыкты сактоо жаатында, билим берүү тармагындагы инвестициябыздын акыркы звеносу болуп  Түркиянын “Маариф” мамлекеттик фонду ачкан билим берүү мекемелери болуп саналат.

Белгилүү болгондой, 2020-жылдын ноябрь айында биз Түркиянын “Маариф” мамлекеттик фондунун Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн баштоо жөнүндө макулдашууга кол койгонбуз. “Маариф” фонду алгач Бишкекте, андан кийин бүткүл республика боюнча Кыргызстандагы билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өз салымын кошот деп ишенем. Учурдан пайдаланып, биз ушул келишимге кол коюлбай туруп, бизди таштап кеткен, урматтуу окутуучубуз, Түркиянын досу, профессор, доктор Каныбек Исаковдун жаркын элесине ыраазычылык билдиргим келет.

Биздин салымдарыбыз биздин достугубуздун жана боордоштугубуздун белгиси болуп, ошондой эле сиздин келечегиңизге салым кошушун чын жүрөктөн каалайбыз.

Экинчи жагынан, бүткүл дүйнө жүзү боюнча инвесторлор саясий туруктуулукту, натыйжалуу укуктук механизмдерди жана адилеттүү салык тутумун көрүүнү каалашат. Жолугушууларда мен өз кесиптештериме түрк инвесторлорунун Кыргызстандагы укуктарын коргоо боюнча жасаган кадамдары үчүн ыраазычылыгымды билдирип, мындан ары колдоо сурадым.

Сиздердин өлкөгө дагы көп инвесторлорду тартуу үчүн биз түрк инвесторлору менен кыргыз кесиптештери менен байланышуу максатында Ысык-Көл форумунун форматында иштеп жатабыз.

https://www.vb.kg/doc/398260_glava_mid_tyrcii:_my_dobemsia_konkretnogo_progressa_v_nashih_otnosheniiah.html