19.03.21

Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев Индиянын Туризм министринин орун басары Арвинд Сингх менен Нью-Дели шаарында  жолугушту. Бул тууралуу, элчиликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Асеин Исаев, Кыргызстандын учурдагы туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берип жана бардык чет өлкөлөрдүн жарандары үчүн өлкөгө кирүүгө кайрадан уруксат берилгендигин билдирди. Мындан тышкары Кыргызстандын элчиси бүгүнкү күндө, Кыргызстанга Индиядан келген туристтердин санын көбөйтүү боюнча баардык аракеттер көрүлүп жаткандыгын билдирип өттү.

Асеин Исаевдин айтымында  2020-жылдын январь айында, Нью-Дели шаарында Кыргызстандын туроператорлорунун катышуусу менен туристтик Роуд-шоу уюштурушкан. Анын жүрүшүндө, Кыргызстандык туроператорлор Индиялык кесиптештерине өздөрүнүн өлкөсүнө туристик иш  сапарын уюштуруп берүүнү сунушташкандыгын билдирди.

Индиянын Туризм  министринин орун басары Арвинд Сингх өз кезегинде, туризм Индиядагы эң ири тейлөө тармагы катары эсептелерин 140 миллионго жакын жумуш ордун камсыздаганын, бул жалпы жумушчу орундун 10% пайызын түзүү менен бюджетке 305 миллион доллар тегерегинде киреше алып келерин айтып, өлкөнүн ички дүң продуктусунун (ИДП) 12% пайызын түзөрүн белгиледи.

Ал Индиянын туроператорлорун Кыргызстанга жөнөтүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Ошондой эле Арвинд Сингх мырза, чет мамлекеттерде бюджеттик мейманканаларды курууга инвестиция салып жаткан Индиялык компаниялардын  өкүлдөрүн, Кыргызстанга келүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылды.

 Мындан тышкары, эс алуунун экономикалык вариантын жактырган кардарлар үчүн арзан, экологиялык жактан таза, сапаттуу мейманканалардын же конок үйлөрүнүн Кыргызстанда курулушуна жардам берүүгө даяр экендигин билдирип өттү.

Жолугушуунун соңунда, жакынкы аралыкта Кыргызстандын Туризм департаментинин өкүлдөрүнүн катышуусунда, туризм боюнча эки өлкөнүн  биргелешкен жумушчу топторунун отурумун өткөрүп, учурдагы маселелерди талкуулоо боюнча макулдашышты.

http://kg.kabar.kg/news/kyrgyzstan-menen-indiia-turizm-zhaatynda-kyzmattashat/