17.03.21

Кыргызстандын Айыл, суу чарба жана өнүгүү министрлиги 17-март күнү, Өзбекстандын Айыл чарба министрлиги менен биргеликте, айыл чарба тармагы жана азык-түлүк менен камсыз кылуу жаатында өнөктөштүк боюнча “Жол картасы” кабыл алынган. Бул тууралуу, Кыргызстандын өкмөтүнүн  басма сөз кызматы  билдирди.

Документте айыл чарба продукцияларын (анын ичинде картошка жана пахтанын үрөнү) дан эгиндеринин жаңы сортторун Кыргызстандын айыл чарба талааларында сыноодон өткөрүү каралган. Өзбекстандын жогорку окуу жайларында Кыргызстандын студенттерин мал чарбачылыгы багытында окутуу жана илимий-изилдөө институттарынын негизинде кызматташуу жөнүндө маселелер камтылган.

Мындан тышкары, Өзбекстан тарап Кыргызстанды мөмө-жемиш бактарынын 10.000 даана көчөттөрү, 1000 тонна күздүк буудайдын үрөнү жана 500 тонна пахтанын “Султан” аттуу сорту менен камсыз кылууга даяр экендигин билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик иш сапары менен барган болучу. Расмий иш сапардын алкагында эки өлкөнүн ортосунда “жол картасы” кабыл алынып  кол коюлган болучу.

https://centralasia.news/8887-tysjachu-tonn-semjan-pshenicy-i-hlopka-predostavit-uzbekistan-kyrgyzstanu.html