26.03.21

Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов Өзбекстанга болгон жумушчу иш сапарынын алкагында, Ташкент шаарында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле соода процедурасы жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну жөнөкөйлөштүрүү боюнча өз-ара кышматташуунун келечеги талкууланды.

Жолугушуу учурунда, Улукбек Марипов: Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстанга жасаган мамлекеттик иш сапары ийгиликтүү өткөндүгүн белгилеп кетүү керек. Эки мамлекеттин башчысы тарабынан жетишилген макулдашуулар акыркы жылдары чечилбей келе жаткан эки тараптуу маселелерди чечүүгө түрткү болооруна ишенем. Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосунда бардык тармактарда өз-ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү, тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Биздин мамлекеттердин башчылары акыркы жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча, жакынкы жылдары өз-ара товар жүгүртүүнүн көлөмүн 2 миллиард долларга чейин жеткирүү милдетин коюшту. Соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары карай өнүктүрүү үчүн колдогу мүмкүнчүлүктү эске алуу менен биз жакынкы мезгилде биргелешкен күч-аракеттерибиз менен аталган көрсөткүчкө жетише аларыбызга ишенем - деп белгилеп өттү.

Премьер-министр белгилегендей, өткөн 2020-жыл бардык өлкөлөр үчүн татаал болду, коронавирус инфекциясынын пандемиясы көптөгөн мамлекеттердин планына өзгөртүүлөрдү киргизди. Бирок кыйынчылыктарга карбастан, эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн күч-аракетине жараша, өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү кыскарбастан, өткөн жылга салыштырмалуу 10% пайызга жогорулаган. Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн өкмөт башчылары эки мамлекеттин президенттери тарабынан жетишилген мурдагы келишимдерди ишке ашыруу тууралуу макулдашышты.

Мындан тышкары, тараптар темир жол менен транзиттик товар ташуулар жаатында, Өзбекстандын Кыргызстанга жеңилдетилген негизде жогорку түшүмдүү буудай үрөнүн жана пахта үрөнүн жардам ирээтинде берүүсү жана Кыргызстан минералдык жер семирткичтерди Өзбекстандан сатып алуу келишимине кол коюшту.

https://24.kg/vlast/187797_ulukbek_maripov_vstretilsya_spremer-ministrom_uzbekistana_abdulloy_aripovyim/