01.04.21

Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул өлкөнүн негизги аймагы менен байланыштырган Сох – Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылды.

1-апрель күнү бекеттердин расмий ачылышына Кыргызстандын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев, Өзбекстандын Фергана облусунун акими Хайрулло Бозоров, эки өлкөнүн күч органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Маалым болгондой, мындан ары жаңы ачылган бекеттер аркылуу, жүргүнчү ташыган автоунаалар жана жөө жүргүнчүлөргө күндүз өтүүгө уруксат бериле тургандыгы жана  оор жүк ташуучу автомашиналар азырынча өтпөй турганы айтылды.

https://www.sozcu.com.tr/2021/dunya/ozbekistan-ve-kirgizistan-arasindaki-gerilimde-yeni-gelisme-6348251/