11.04.21

Пакистан Кыргызстанга COVID-19 коронавирустук инфекциясы менен күрөшүүгө гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, коронавирус илдети менен күрөшүүгө багытталган антикризистик иш-чаралардын алкагында, Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги Пакистандын өкмөтүнөн гуманитардык жардам алуу маселесин иштеп чыккан болучу.

Исламабад шаарында 9-апрель күнү коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо тармагынын муктаждыктары үчүн Пакистандын Кырсыктарды коопсуздугу боюнча улуттук комитети, Кыргызстандын элчилигине жалпы салмагы 1400 килограмм болгон 5 миң даана N95 медициналык маска, 5 даана миң коргоочу костюм, 5 миң даана коргоочу медициналык каражаттарын  гуманитардык жардам катары тапшырды.

2021-жылдын 10-апрелинде “Авиатраффик” авиакомпаниясынын Исламабад-Бишкек каттамы боюнча чартердик рейс менен 816 килограмм салмактагы гуманитардык жардамдын биринчи партиясы Кыргызстанга жөнөтүлдү.

https://ru.sputnik.kg/society/20210411/1052081680/kyrgyzstan-pakistan-gumpomoshch.html