11.05.21

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында, 11-май күнү, шаардык транспорт башкармалыгы жана Өзбекстанга таандык “Эко Пассажирские Перевозки” компаниясынын ортосунда кызматташуу боюнча келишимге кол коюу аземи болуп өттү.

Келишимге Бишкек шаарынын Транспортту башкаруу башкармалыгынын башчысы Ункуев Эмильбек  жана “Эко Пассажирские Перевозки” компаниясынын директору Усубаматов кол коюшту.

Келишимге ылайык, “Эко Пассажирские Перевозки” компаниясы 2021-жылы  өзү өндүргөн экологиялык жактан таза газ менен жүрүүчү “ISUZU” үлгүсүндөгү 350 даана  автобустарын, Бишкек шаарына жеткирип берүү милдетин алды.

Автобустардын биринчи партиясы, Бишкек шаарынын маршруттук каттамдарына 2021-жылдын 1-июль күнүнөн баштап иштеп баштамакчы.

Көрүшмө учурунда, Бишкек шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, Бишкек шаарынын экологиясын жана абасын таза сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Буга байланыштуу коомдук транспорттун экологиялык жактан таза түрлөрүн алууга артыкчылыктуу маани берилерин белгилеп өттү.

Белгилей кетчү нерсе, 2022-2023-жылдар аралыгында “Эко Пассажирские Перевозки” компаниясы  жүргүнчүлөрдү ташуучу  газ менен жүрүүчү автобустардын санын 1000 даанага жеткирүүнү пландаштырууда. Анын ичинде,  мүмкүнчүлүктөрү чектелген жүргүнчүлөргө ылайыкташтырылган 9, 10, 12 метрлик автобустар дагы бар.

Эскерте кетсек, бир ай мурун, “Самарканд автомобиль заводунун” (SamAuto) жана Бишкеке мэриясынын өкүлдөрүнүн ортосунда жогорудагы келишимдин долбооруна кол коюшкан болучу.

https://vesti.kg/obshchestvo/item/86056-v-bishkek-postavyat-350-avtobusov-na-gaze.html