14.05.21

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 14-май күнү, Түркиянын Палаталар жана товардык биржалар бирлигинин президенти Мустафа Рыфат Хисаржыклыоглу баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу, Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Түркиянын делегациясынын курамына ошондой эле айыл чарба, текстиль жана тамак-аш өнөр жайы, энергетика, туризм, тоо-кен жана курулуш тармагындагы ири компаниялардын жетекчилери дагы келишти.

Садыр Жапаров бүгүнкү күндө инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, бул тармакты толук реформалоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирди.

Президент Садыр Жапаровдун айтымында, Кыргызстан өнөр жай кызматташтыгын кеңейтип, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү, агрардык секторду өнүктүрүүгө, ошондой эле тоо-кен жана жеңил өнөр жай, гидроэнергетика, туризм жана өз ара кызыкчылык туудурган башка тармактарга багытталган долбоорлорго басым жасайт.

Президент Кыргызстан жана Түркиянын ортосундагы негизги максаттардын бири  товар жүгүртүүнү жылына 1 миллиард долларга чыгаруу үчүн тараптар бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишенимин билдирди.

Түркиянын Палаталар жана товардык биржалар бирлигинин президенти Мустафа Рыфат Хисаржыклыоглу Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын саламын жеткирди.

Мустафа Рыфат Хисаржыклыоглу Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жана адамдык потенциалы жөнүндө айтып, өлкөнү өркүндөтүү үчүн өнөр жайды өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын ишин реформалоо зарылдыгына көңүл буруп, бизнес менен иштөө механизмдерин өркүндөтүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экендигин билдирди.

http://www.president.kg/kg/okujalar/19434_prezident_sadir_ghaparov_trkiyanin_palatalar_ghana_tovardik_birghalar_birliginin_prezidenti_mustafa_rifat_hisarghiklioglun_kabil_aldi