14.05.21

Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылында “Агро-Куш” деп аталган канаттуулардын ири фермасы ишке кирди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

 Ферманын ачылыш аземине мамлекет башчысы Садыр Жапаров катышты. Маалым болгондой, бул ферма канаттуулардын этин өндүрүүгө багытталган.

Президенттин маалымат кызматы тараткан маалыматта: “Фермада канаттуулар багып-өстүрүлүп анан союлат. Канаттуулар фермасында жылына 2,5 миллион жумуртка өндүрө турган инкубатор да ишке киргизилди. Инкубациядан кийин канаттууларды өстүрүү процесси жүрөт. Ишканада заманбап европалык жабдуулар колдонулуп, жаңы тоют заводу курулган. Ошондой эле саатына 3000 канаттууну соё турган касапкана салынган”, - деп айтылат.

Канаттуулардын эң ири фабрикасын ишке киргизүү үчүн “Россия-кыргыз” өнүктүрүү фондунан 3,5 миллион доллар өлчөмүндө жеңилдетилген каражат бөлүнгөн.

Мамлекет башчы ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо керектигин белгилеп, ишкананын ишке кириши өлкөнүн ички рыногунда өндүрүшкө түрткү болот деген ишенимин билдирди.

Ишкананын эмгек жамааты менен баарлашууда, Садыр Жапаров аймактардын жашоочуларына жеңилдетилген ипотекалык ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү маселесине да токтолуп өттү.

https://sputnik.kg/economy/20210514/1052495612/ysyk-kol-kanattuu-ferma.html