17.05.21

Россиялык “КАМАЗ” компаниясы Кыргызстандык компаниялар менен биргеликте, Кыргызстанда оор жүк ташуучу автоунааларын чыгарууну пландаштырууда. Бул тууралуу, Кыргызстандын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин тараткан маалыматында, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министрлигинин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов жана “КАМАЗ” компаниясынын башкы директорунун автоунааларды сатуу боюнча орун басары Василий Цыганов жана компаниянын Борбор Азиядагы аймактык өкүлү Любовь Тюрина менен жолугушту.

Көрүшмө учурунда,  тараптар Кыргызстандын аймагында “КАМАЗ” маркасындагы унааларды өндүрүү маселесин кеңири талкуулашты.

Буга чейин Россиянын Казань шаарында, 26-апрель күнү өткөн “Татарстан-Кыргызстан” бизнес форумунда Кыргызстандык  “ДТ Техник”   компаниясы жана Россиянын “КАМАЗ” компаниясынын ортосунда аталган маркадагы жүк ташуучу унааларын, Кыргызстандын аймагында биргелешип өндүрүү боюнча келишимге кол коюлган болучу.

Эскерте кетсек “КАМАЗ” заводу Совет доорунда 1976-жылы иштеп баштап, андан кийин Россиялык компанияга айланган. Негизинен дизелдик кыймылдаткычы бар оор жүк ташуучу “КАМАЗ” маркасындагы унааларын өндүрөт.

Мындан тышкары автобустарды, тракторлорду, комбайндарды, электр агрегаттарын, жылуулук мини-электр станцияларын жана аларга керектүү тетиктерин дагы чыгарат.

https://24.kg/ekonomika/193854_rossiyskaya_kompaniya_kamaz_planiruet_vyipuskat_mashinyi_vkyirgyizstane/