15.05.21

Кыргызстан жана Түркия өз ара соода жүгүртүүнү 1 миллиард долларга чейин көбөйтүүнү пландаштырууда.

Бул тууралуу, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев “Anadolu” кабар  агенттигине берген маегинде билдирди.

Кубанычбек Өмүралиев өткөн 2020-жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 507 миллион долларды түзгөнүн эске салды.

Элчи Кубанычбек Өмүралиевдин айтымында,  Кыргызстан менен Түркиянын экономикалык кызматташтыгы стратегиялык макамга ээ. Учурда эки өлкөнүн мамилеси динамикалуу өнүгүп жатат.

Элчи мырза, Түркияга Кыргызстанды колдоп келгендиги үчүн ыраазычылыгын билдирип, Бишкек Анкара менен стратегиялык өнөктөштүктү жана достук мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Кубанычбек Өмүралиев:  “Кыргызстан бир тууган Түркия менен айыл чарба, текстиль, тоо-кен, гидроэнергетика жана башка тармактарда биргелешкен өнөр жай ишканаларын түзүүгө кызыкдар”, - деп белгилеп өттү.

Өмүралиев Түркия менен Кыргызстандын ортосунда кош салык алууга тыюу салынгандыгы жана инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча келишим бар экендигине өзгөчө токтолуп өттү.

Кыргызстандын элчиси: “Мен Түркиялык инвесторлорду биздин өлкөгө активдүү инвестиция салууга жана бизнес жүргүзүүгө чакырам. Мындан тышкары, президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен жаңы инвестициялык мыйзамдар иштелип жатат. Мыйзам инвесторлордун укугун коргоого, ошондой эле мамлекеттин колдоосу менен инвестициялык ишмердүүлүктү кубаттоого багытталган” - деп кошумчалады ал.

Дипломат ошондой эле пандемия учурунда эки мамлекеттин ортосундагы байланыштар бир топ жакшырганын баса белгиледи.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 15-июль күнү Түркия Кыргызстанга дары-дармектерди жана медициналык жабдыктарын камтыган гуманитардык жардам жөнөткөн болучу. Пандемия учурунда Бишкек шаарында Түркиянын каржылык колдоосу менен курулган “Кыргыз-Түрк достугу” ооруканасы официалдуу ачылганга чейин аны убактылуу ачуу чечими кабыл алынган. Учурда оорукананы официалдуу ачуу үчүн бардык укуктук иш кагаздары  даяр болуп, жакын арада оорукананын толук кандуу иштеши күтүлүүдө.

https://www.aa.com.tr/ru/