10.03.21

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде 10-март күнү,  “Анталия дипломатиялык форуму” уюштурулду. Иш-чара өлкөгө расмий иш сапары менен келген Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин катышуусунда болуп ѳттү.

Иш-чарага министрлер, элчилер, дипломаттар, бейѳкмѳт уюмдарынын жана массалык маалымат каражаттарынын ѳкүлдѳрү, университеттин академиялык жана административдик кызматкерлери, студенттер катышты.

“Анталия дипломатиялык форуму” андан кийин “Манас форуму” менен уланып, иш-чара “Медиа Манас” тарабынан түз эфирде кѳрсѳтүлдү.

http://manas.edu.kg/index.php/kg/kabar-jariya/5471-ve-k%C4%B1rg%C4%B1zistan-d%C4%B1%C5%9Fi%C5%9Fleri-bakanlar%C4%B1-ktm%C3%BC%E2%80%99de-2