26.05.21

Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына Түштүк Кореядан инвесторлор келишти. Бул тууралуу, “Turmush” маалымат кызматы билдирди.

2021-жылы 25-май күнү, Балыкчы шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Азамат Арнабек уулу электромобилдерди чыгаруучу завод курууну көздөгөн Түштүк Кореялык инвесторлор менен жолугушуу өткөрдү.

Түштүк Кореялык “TLNiP Co., LTD” компаниясынын финансылык директору Ким Жи Цук жана башкы директору Ан Юн Ронг көрүшмө учурунда, 10 жылдык кепилдик менен электр унааларын өндүрө  тургандыктарын билдиришти.

Алардын айтымында, Балыкчы шаарынын тургундары атайын  окуудан өтүшүп, андан кийин гана заводду курууга, ошондой эле электромобилдерди өндүрүү иштерине катышышмакчы.

Биринчи этапта 65 миң даана автоунаа, андан кийин 300 миңден ашык автоунаа чыгаруу пландаштырылууда.

Электромобилдердин керектүү тетиктери алгач сырттан алынып келинет. Кийинчерээк Балыкчы шаарында чыгарылып баштайт. Ошондой эле электромобилдерди кубатоочу станциялары Кыргызстандын аймактарында курулат.

https://www.turmush.kg/ru/news:1705238/?from=portal&place=nowread&b=2