28.06.21

Президент Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Түркмөнстанга барды. Бул анын президент катары Түркмөнстанга биринчи жолу барашы. Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап бир катар келишимдерге, документтерге кол коюп, биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 28-июнь күнү, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен биргеликте, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасашты. Садыр Жапаров: “Бүгүн Кыргызстан жана Түркмөнстан эки өлкөнүн элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп берген тыгыз жана көп кырдуу диалогго умтулушканын жана аны кубатташаарын көрсөтүштү”, - деп баса белгиледи.

 Садыр Жапаров эки тараптуу сүйлөшүүлөр мазмундуу жана жемиштүү болгонун белгиледи. Кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн маанилүү маселелери, саясий, соода-экономикалык, транзиттик-логистикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары кеңейтүүнүн жана тереңдетүүнүн келечеги талкууланганын, ошондой эле региондук жана эл аралык актуалдуу көйгөйлөр боюнча пикир алмашуу болгонун айтты.

Президенттин белгилешинче, тараптар көптөгөн маселелер боюнча өз ара түшүнүшүүгө келип, эки өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен келишимдерге жетишти, ал эми айрым маселелерди чечүүнүн мындан аркы жолдору белгиленди.

Садыр Жапаров:  “Биз кызматташтыгыбыздын узак мөөнөттүү стратегиялык мүнөзүн аныктап алдык, аны чыңдоо жана эки тараптуу өнөктөштүктүн зор потенциалын ачуу үчүн зарыл болгон нерселердин баарын жасоого даяр экенибизди билдирдик.

Биргелешкен аракеттер аркылуу натыйжа берүүгө өбөлгө боло турган багыттарга көңүл бурдук, баарынан мурда соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштар, энергетикалык, транспорт-логистикалык, агроөнөр жай тармактарында кызматташуу жөнүндө сөз болду. Соода-экономикалык кызматташууну диверсификациялоо максатында өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүп, биргелешкен ишканаларды ачуу жана өнөр жай кооперацияларын өнүктүрүүгө аракеттерибизди жасайбыз”, - деп белгилеп өттү.

Президенттер ошондой эле өз ара кызыкчылыктагы эл аралык жана региондук маселелер боюнча пикир алмашты.

Мамлекет башчылары мындан тышкары, эки тараптуу кызматташуунун келишимдик-укуктук базасын кеңейтүү маселелерин карашты. Жолугушуунун жыйынтыгында соода-экономикалык чөйрөдө, билим берүү, маданият, спорт жана жаштар саясаты жаатында, ошондой эле тышкы саясий ведомстволор ортосундагы кызматташтык боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Гурбангулы Бердымухамедов: Кыргызстан Түркмөнстан үчүн келечектүү өнөктөш

Өз кезегинде сөз алган Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов:  “Кыргызстан  биз үчүн келечектүү өнөктөш, бирок быйылкы товар жүгүртүү көлөмүнүн өскөнүнө карабастан, жалпысынан эки тараптуу кызматташуунун деңгээлин жогору деп эсептөөгө болбойт. Дыкат талдоо жүргүзүү зарыл жана толук кандуу кызматташууга тоскоолдуктарды четтетүү керек”,- деп билдирди.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен болгон бүгүнкү жолугушууга өзгөчө маани берип, көптөгөн чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташууларды баалап, ошондой эле мындан аркы өз ара байланыштардын келечегин талкуулоо зарылдыгын белгиледи.

Ал күн тартибинде турган негизги маселелер катары жалпы тынчтыкты, туруктуулукту сактоо жана колдоо, террордук коркунучтарга каршы туруу жана Афганистандагы кырдаалды жөнгө салууну атады.

Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстан-Кыргызстан мамилелеринин концептуалдуу негизи эки тараптуу кызматташуунун приоритеттүү келечегине жана региондук, эл аралык өнүгүүгө болгон көз караштарда бирин-бири түшүнүү менен шартталгандыгын баса белгиледи.

Мындан тышкары, тараптардын көңүлүн экология, айлана-чөйрө темасы боюнча өз ара кызматташууга бурду. Атап айтканда, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери менен күрөшүү боюнча биргелешкен иштерди бир кыйла жандандыруу керек. Ал Борбордук Азия чөлкөмүндө суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгына токтолуп, бул өңүттө биргелешкен чечимдерди ишке ашырып, алдыга жылуу маанилүү экендигин баса белгиледи.

Ошону менен бирге Түркмөнстан Кыргызстан менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет, бул багыттагы мамилелерди сапаттуу деңгээлде кеңейтүү зарыл.

Түркмөнстандын президенти Кыргызстандын президенти менен делегациясына ыраазычылыгын билдирип, чакан форматта бардык орчундуу маселелер талкуулангандыгын, алар боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынаарын белгиледи.

Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдө тараптар отун-энергетика комплекси, транспорт, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү кыргыз-түркмөн эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Биргелешкен көргөзмөлөрдү ырааттуу өткөрүп туруу, эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун байланыштарын өнүктүрүү сунуштары айтылды.

Гурбангулы Бердымухамедов энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташууну сүйлөшүүлөрдүн маанилүү учуру катары белгиледи. Атап айтканда, түркмөн жаратылыш газын жана электр энергиясын Кыргызстанга жеткирүү жөнүндө сөз болду.

Анын айтымында, түркмөн тарап Кыргызстандын бардык муктаждыктарын канааттандырууга жана техникалык, уюштуруу маселелерин талкуулоого даяр.

Гурбангулы Бердымухамедов: “Мен дагы бир жолу саясий эркимди баса белгилегим келет, биз бул маселелерге даярбыз” деп билдирди ал.