Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 27-июнь күнү, Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсүнө барып, Кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылыш аземине катышты.

Аталган иш-чаралар Ашхабад шаарындагы Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасынын имаратында өттү.

Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Чары Гылыджов Садыр Жапаровго  көргөзмө экспозициясы менен жана өлкөнүн газ жана газ өндүрүү, мунайды кайра иштетүү, химия өнөр жай тармактары, текстиль өнөр жайы, ошондой эле курулуш, айыл чарбасы, жер казынасын пайдалануу жана башка экспорттук мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды.

Андан кийин, кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылыш аземи болуп, анда Президент Түркмөнстандын мамлекеттик органдары менен бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн алдында сөз сүйлөдү.

Эң алгач Садыр Жапаров өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин ынак коңшулук мүнөзүн белгилеп, Кыргызстандын Түркмөнстан менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө мурда келе жаткан иштерди үзгүлтүксүз улантууга умтуларына токтолду.

Ошону менен бирге соода-экономикалык өз ара байланыштарды кеңейтүүгө басым жасап, кызматташтыкты арттырууга жаңы дем берүү маанилүү экенин айтты.

Президенттин айтымында, Кыргызстан инвесторлордун ишенимин жогорулатууга жана өлкөдө жагымдуу инвестициялык климатты түзүү маселелерине абдан көңүл бурат.

Ошондой эле Мамлекет башчысы инвестициялык ишмердүүлүккө жана чет өлкөлүк инвесторлордун укуктарын коргоого байланыштуу, экономиканын ар кыл тармактарында бир катар преференцияларды жана стимулдарды камсыз кылган либералдуу мыйзам базасы бар экенин баса белгиледи.

Садыр Жапаров тажрыйба алмашууга жана Түркмөнстандын мунай-химиялык, газ өнөр жайында жана электр энергетика тармагында иш алпарган ишканаларын кыргыз рыногуна тартууга кызыкдар экенин билдирди.

Президент Түркмөнстандын экономикасынын алдыңкы тармактарынын бири - ири текстиль комплекстери иш алпарган текстиль өнөр жайын, пахтадан жип ийрүү жана токуу өндүрүшүн, тигүү фабрикаларын, жибек иштетүүчү ишканаларын, бут кийим фабрикаларын, тери жана жүн иштетүү заводдорун өзгөчө белгиледи.

Мамлекет башчысы түркмөн өнөр жайчыларын Кыргызстанда приоритеттүү деп саналган жеңил өнөр жай тармактарында ишканаларды ачууга жана жергиликтүү ишкерлер менен тажрыйба алмашууга чакырды.

Мамлекет башчысынын айтымында, Кыргызстан суу ресурстарына бай өлкө катары энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында эбегейсиз потенциалга ээ, бул дагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын чоң келечегин ачат.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров келечекте эки өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүүгө, ошондой эле кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарба жана инфраструктура жаатында өз ара кызматташууга басым жасады.

Мамлекет башчысы ошондой эле өлкөлөрдүн транспорттук-транзиттик мүмкүнчүлүгүн пайдалануунун маанилүүлүгүнө токтолуп, кыргыз жана түркмөн товарларын дүйнөлүк рынокторго экспорттоого көмөкчү боло турган биргелешкен кыргыз-түркмөн логистикалык компанияларын түзүү келечеги тууралуу да сөз кылды.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, Президент Садыр Жапаров түркмөн ишкерлер чөйрөсүн Кыргызстанды ишенимдүү өнөктөш катары кароого үндөп, аларды жигердүү кызматташууга жана ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга чакырды.

Форумга экспорттук продукцияларды өндүргөн ири Түркмөнстандын ишканаларынын жетекчилери катышты.

Ошондой эле кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун алкагында Кыргызстан менен Түркмөнстандын өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуулар болду, ар кандай профилдеги продукцияларды жеткирүү боюнча ишкерлер ортосунда эки тараптуу келишимдер менен контракттарга онлайн режиминде кол коюлду.