29.06.21

 Кыргызстандын Коргоо министри генерал-майор Таалайбек Өмүралиев  29-июнь күнү,  Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Түркиянын улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен жолугушту. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалыматтык иштер башкармалыгынан билдиришти.

Таалайбек Өмүралиев:  “Бул жолугушуу биздин ведомстволордун ортосундагы эки тараптуу аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктын жемиштүү өнүгүшүнө, андан ары кеңейишине жана бекемделишине салым кошот”, - деп ишенимдүү түрдө белгилеп өттү.

Өз кезегинде Хулуси Акар Түркия аскердик жана аскердик-техникалык багытта пландаштырылган иш-чараларды жүзөгө ашырууну толугу менен улантарын, ошондой эле, жакынкы убактарда коргоо жаатындагы эки өлкөнүн ортосундагы мурда жетишилген мамлекеттер аралык макулдашууларды этап-этабы менен ишке ашырууга натыйжалуу чараларды көрөрүн билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн коргоо ведомстволорунун ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн учурдагы маселелери жана келечеги тууралуу, ошондой эле, кыргыз аскер кызматчыларына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, Түркиянын медициналык мекемелеринде медициналык жардам көрсөтүү жана дарылоо маселелери талкууланды.

Тараптар аскер жаатындагы кыргыз-түрк мамилелери мындан ары да бир тууган коргонуу ведомстволорунун кызматташтыгынын кызыкчылыгында дагы, аймактык туруктуулук менен коопсуздукту камсыз кылуу максатында дагы өнүгө берерин жана бекемделерин ишенимдүү билдиришти.

http://kg.kabar.kg/news/kyrgyzstan-zhana-t-rkiia-korgoo-ministrleri-kyzmattashtykty-talkuulady/