05.07.21

Кыргыз-түрк бизнес-форумунун алкагында Түркиянын Хатай шаарынын мэри Лүтфү Саваш баш болгон жеке ишкерлердин делегациясы Бишкекке келишип, эки өлкөнүн кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Бул тууралуу, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматы кабарлады.

Делегациянын курамында айыл-чарба, курулуш, туризм, тамак-аш өнөр-жайы тармактарында иш алып барышкан Түркиялык 16 компаниянын өкүлдөрү келген. Аталган иш-чара  4-июль күнү  Бишкек шаарында болуп  өттү.

Иш-чаранын ачылыш аземинде, Кыргызстандын Соода өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев катышуучуларды тосуп алып жатып, бул форум эки мамлекеттин бизнес өкүлдөрү ортосунда кызматташууну бекемдөөдө маанилүү экенин белгилеп өттү.

Ал эми Түркиядан келген  Искендерун шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын башкармалыгынын төрагасы Левент Хаккы Йылмаз мырза, кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу өзунүн пикирлерин тууралуу маалымат берип өттү.

Кыргызстан тараптан конокторго Бишкек шаарынын Эркин экономикалык аймагы боюнча презентация тартууланды. Форумдун соңунда катышуучулар түздөн-түз кызматташууну талкуулоого мүмкүнчүлүк алышты.

Жалпысынан иш-чарага кыргыз тараптан 30 ашык ишканалардын өкүлдөрү катышты.

https://economist.kg/kyrgyzcha/2021/07/05/t-rkiyalyk-16-kompaniyanyn-k-ld-r-bishkekke-kelishti/