17.07.21

Азербайжандын Баку шаарынан 16-июль күнү Кыргызстандын эл аралык “Манас” аэропортуна  AstraZeneca вакцинасынын 40 дозасы жүктөлгөн учак келип конду. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Тышкы иштер министринин статс-катчысы Азизбек Мадмаров жана Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Жпаркул Ташиев COVID-19 коронавирустук вакцинасына каршы күрөшүүнүн алкагында “Манас” эл аралык аэропортунда Бакудан Кыргызстанга келген 40 миң доза AstraZeneca вакцинасы жүктөлгөн гуманитардык жардамды алып келген учакты тосуп алышты.

Кыргызстан Азербайжан тарапка өлкөлөрдүн ортосундагы бир туугандык мамилелердин далили болгон бүгүнкү оор эпидемиологиялык кырдаалда көрсөтүлгөн гуманитардык жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Аталган гуманитардык жардамды берүү тууралуу келишим Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин 2021-жылы 1-3-июль күндөрү, Азербайжанга жасаган расмий иш сапарынын алкагында жетишилген болучу.

Эскерте кетсек, бул Азербайжандын Кыргызстанга жиберген биринчи жардам эмес. Өткөн жылы апрель айында дагы 64 тонна медициналык жана антисептикалык каражаттарын жиберген болучу.

http://kg.kabar.kg/news/bishkekke-bakudan-astrazeneca-vaktcinasynyn-40-mi-dozasy-keldi/