26.07.21

Иран менен Кыргызстан Бандар-Аббас — Ош коридорун ачууга макулдашты.

Тегеран шаарында ЕАЭБ мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда адистештирилген "Евразия" көргөзмөсү өттү. Анын алкагында "Иран темир жолу" компаниясынын жетекчиси Саид Расули менен Кыргызстандын Өнөр жайчылары жана ишкерлер союзунун жетекчиси Данил Ибраев жолукту. Тараптар жүктү Кыргызстандан ташуу жана ташып чыгуу жаатында ыңгайлуу шарттарды түзүү маселесин талкуулады.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда эки жак жүктөрүн жогорудагыдай шартта алып кирүү жана алып чыгуу боюнча макулдашты. Иран тарап Аббас — Ош коридорун Иран, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын аймагы аркылуу жүргүзүү маанилүү экенин толугу менен колдоду. Андан сырткары, "Иран темир жолунун" жүк ташууда Кыргызстанга эң төмөнкү тарифтерди коюу боюнча маселени сүйлөшүүгө даяр экени айтылды.

Бандер-Аббас Ирандагы эң ири порттордун бири. Ал жерден аталган мамлекетке келип түшкөн контейнерлердин 90 пайызын кабыл алышат. Жүк айлануунун көлөмү жылына 25 миллион тоннага жетет. Аталган жай баш-аягы 40 миллион тонна жүктү өткөрүүгө жөндөмдүү. Бул жерде эл аралык 22 кеме линиясы бар жана ал дүйнөнүн 90 порту менен байланыштырып турат.

https://sputnik.kg/economy/20210714/1053219113/iran-menen-kyrgyzstan-transport-koridorun-achuuga-makuldashty.html