22.07.21

Түркия “Диянет” фонду тарабынан Кыргызстанда быйыл да курмандык сойуу жөрөлгөсү уюштурулду. Быйыл 1700 кой курмандыкка чалынып, Бишкек шаарында, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы муктаж болгон 10, 000 үй-бүлөгө таратылып берилди.

Бишкек шаарындагы эт таратуу иш-чарасы борбордук Имам Серахси атындагы мечитте өттү.

Бул кайрымдуулук иш чарасын Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган өзү жетектеп, көпчүлүк үй-бүлөлөргө этти өз колу менен таратып берди.

Ал мусулмандар үчүн ыйык болгон Курман айт майрамын Кыргызстанда белгилеп жатканына кубанычта экендигин баса белгиледи.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган:  “Бул жылы Курман айт майрамын Кыргызстандагы Түркиялык жарандар жана кыргыз боордошторубуз менен бирге белгиледик. Бул биз үчүн зор кубаныч. Майрамдын алгачы күнү Бишкек шаарындагы Имам Сарахси атындагы башкы мечитте окулган айт намазга катыштык. Андан соң курмандык чалып, элге таратып бердик. Ал эми бүгүн боордошторубуз менен дасторкон үстүндө жолугуштук”,- деп белгилеп өттү.  

Элчи Ахмет Садык Доган өз кезегинде Түркиялыктарды жана Кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.

https://www.trtavaz.com.tr/haber/kir/avrasyadan/t-rkiya-diyanet-fondu-kyrgyzstanda-kurmandyk-chalyp-muktazh-bolgondorgo-et-tara/60f9d7e001a30ad39c78faf7