28.07.21

Кыргызстанга гуманитардык жардам катары  28-июль күнү  «QazVac» казак вакцинасынын 25 миң дозасы келди.

Гуманитардык жардамды берүү салтанатына министр Алымкадыр Бейшеналиев, Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев жана аталган вакцинаны иштеп чыккан Казакстандын Билим берүү жана илим министрлигинин Биологиялык коопсуздук маселелери боюнча изилдөө-институтунун өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өттү.

Казакстандын элчиси Рампиль Жошыбаев: “Казак вакцинасынын биринчи партиясын жеткирүү биздин президентибиз Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы боюнча Казакстандын өкмөтү тарабынан уюштурулду. Вакцинаны жеткирүү тууралуу келишими эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында жетишилген. Бул биздин өлкөлөрдүн ортосундагы жакшы коңшулук жана достук мамилелерди дагы бир жолу далилдейт”, - деп белгилеп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Бейшеналиев Казакстандын өкмөтүнө жана элчилигине кыргыз-казак өнөктөштүгүн жогорку деңгээлде колдогондугу жана COVID-19 коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

«QazVac» вакцинасын иштеп чыккандардын бири Ергалы Абдураимов аталган вакцина 18 жаштан ашкан бардык каалоочуларды эмдөөгө боло турганын белгиледи. Биринчи жана экинчи дозанын ортосундагы аралык 21 күндү түзөт.

Ергалы Абдураимов: “Бүгүнкү күнгө карата бул вакцина менен 300 миңден ашык казакстандык эмделди. Каршы көрсөтмөлөр катталган жок”, - деп билдирди.

https://www.trtavaz.com.tr/haber/kir/avrasyadan/kyrgyzstanda-emd-d-qazvak-vaktsinany-da-koldonula-bashtayt/6101568c01a30ae7106d4fa6