26.08.21     

Бишкек шаарында Кыргыз-түрк достугу мамлекеттик ооруканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Ооруканада жалпысынан 72 орун бар, анын 21 даанасы реанимациялык койка. Мындан сырткары, ангиограф, компьютердик томография, магниттик-резонанстык томография, маммография, рентген, УЗИ, гастроскоп, эхокардиограф жана башка көптөгөн диагностикалык жабдыктар бар.

Оорукана адистештирилген мекеме болгондуктан бейтаптарды башка стационарлардын багыттамасы менен гана кабыл алат. Дарылоо процесси башка ооруканалардагыдай эле мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында ишке ашырылат.

Медициналык кызматтын акысы Монополияга каршы күрөшүү мамлекеттик комитет тарабынан иштелип чыккан. Чет өлкөлүк бейтаптар үчүн өзүнчө баа коюлат.

https://24.kg/kyrgyzcha/205308_kyirgyiz-turk_dostugu_oorukanasyi_akyiryi_achyildyi/