02.09.21

2021-жылдын январь-июль айларында, Кыргызстанга Түркиядан 392 миллион долларга бааланган товарлар экспорттолгон. Бул тууралуу маалымат  31-августь күнү, Түркиянын Статистика институту тарабынан жарыяланды. Ал эми 2020-жылдын ушул эле январь-июль айларына салыштырмалуу импорт 85% пайызга же 180 миллион долларга көбөйгөн.

Түркиянын берген статистикалык маалыматына ылайык, аталган өлкөдөн 2021-жылдын январь айында 52 миллион доллар, февраль айында  63 миллион доллар, март айында 59 миллион доллар, апрель айында 60 миллион доллар, май айында 34 миллион доллар, июнь айында  67 миллион доллар жана июль айында  57 миллион долларга бааланган товарлар Кыргызстанга экспорттолгон.

https://www.tazabek.kg/news:1727520?from=portal&place=last&b=1