28.08.21

Түркиялык “Biotrend Energy” компаниясы Ош шаарына таштандыларды кайра иштетүүчү завод курууну пландап жатат. Бул тууралуу, Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаардык мэриясынын тараткан маалыматы боюнча 23-августь күнү, Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов Түндүк Кипрдин Экономика жана энергетика вице-премьер-министри Эрхан Арыклы жана Түркиялык “Biotrend Energy” компаниясынын президенти Илхан Доган баштаган делегация менен жолугушту.

Жолугушууда Ош шаарына инвестиция тартуу жана эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды. Ошондой эле, Түркиялык “Biotrend Energy” компаниясынын адистери, Ош шаарынын таштанды таштоочу полигонунда болушту.

Көрүшмөнун жыйынтыгында, Алмаз Мамбетов жана “Biotrend Energy”  компаниянын президенти Илхан Доган  “Ош шаарындагы таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун долбоору жана курулушу”  боюнча инвестициялык меморандумга кол коюшту.

Меморандумга ылайык, Түркиялык компания эки айдын ичинде, заводдун долбоорун жана анын техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгышы керек. Мындан тышкары, алар долбоорду каржылоо, заводду куруу жана аны пайдаланууга берүүнү колго алышмакчы.

Алмаз Мамбетов көрүшмө учурунда: “Мен дагы бир жолу сизге жана сиздин командаңызга жолугушуу үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Ош шаардык мэриясы Түркия менен кызматташууну улантууга үмүттөнөт”, - деп билдирди

Ошол эле компаниянын өкүлдөрү, 23-августь күнү, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев жана Кыргызстандын Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов менен жолугушкан. Көрүшмөнүн жыйынтыгында тараптар,  Бишкек шаарында таштандынын кайра иштеттүүчү заводдун долбоорун иштеп чыгуу жана куруу боюнча меморандумга  кол коюшту.

Ошентип Түркиялык “Biotrend Energy” компаниясы тарабынан  Кыргызстандын Бишкек жана Ош шаарларында таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушун ишке ашыруу чечими кабыл алынды.

Эскерте кетсек, “Biotrend Enerji” компаниясы 2017-жылы альтернативдүү энергияны өндүрүү, инвестициялоо миссиясын толуктоо үчүн технологияларды иштеп чыгуу жана колдонуу борбору болуп түзүлгөн. 2021-жылдын аягына карата “Biotrend Enerji” компаниясында 13 завод иш алпарат.

https://kloop.kg/blog/2021/08/28/turetskaya-kompaniya-postroit-musoropererabatyvayushhij-zavod-v-oshe-ona-zhe-postroit-ego-i-v-bishkeke/