07.09.21

 Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 7-сентябрь күнү, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушту. Бул туурадуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар саламаттык сактоо жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты, “Кыргыз-түрк достугу” мамлекеттик ооруканасын башкаруу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө, элчи мырза Түркия Кыргызстанга кайтарымсыз негизде коронавируска каршы 150 миң доза вакцина бериле тургандыгын билдирди.

Өз кезегинде Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев: “Түркия COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүдө, андан тышкары биздин жарандарга медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу үчүн материалдык-техникалык базаны бекемдөөдө, Кыргызстанга ири колдоо көрсөтүп келет. Жакында эле заманбап жабдыктары менен “Кыргыз-түрк достугу” ооруканасы иштеп баштады. Биз мунун аркасында, көптөгөн жарандарыбыз чет өлкөгө чыкпай, өлкөдө дарылана алышат деп үмүттөнөбүз. Түркия өкмөтүнүн вакцина берүү чечими биз үчүн жакшы жаңылык. Түркия элине жана жетекчилигине ыраазычылык билдирем”, - деп белгилеп өттү.

http://med.kg/ru/novosti/5258-turtsiya-peredast-na-bezvozmezdnoj-osnove-150-tysyach-doz-vaktsiny-protiv-covid-19-sinovac.html