08.09.21

Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун президенти Данил Ибраев, Индия жана Кыргызстандын ортосунда жаңы соода темир жолун түзүү пландалып жаткандыгын билдирди. Бул тууралуу “tazabek.kg.” маалымат агенттиги билдирди.

Алгач Индиянын товарлары Ирандын “Бандар Аббас” деңиз портуна жеткирилет. Ал жерден темир жол аркылуу Түркмөнстандын Серахс (Түркмөнстандын Иран менен чек арасында жайгашкан) темир жол станциясы аркылуу өтүп  андан кийин Өзбекстанга жана Ошко келет.

 “Бандар Аббас – Ош” темир жол  каттамынын жалпы узундугу 3060 километрди түзөт. Жол жүрүү убактысы 10 күнгө барабар. Индия менен соода жолун куруу үчүн Кыргызстандын Өнөр жайчылар жана ишкерлер биримдиги Иран, Түркмөнстан жана Өзбекстандын темир жол операторлору менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн болучу.

Данил Ибраев: “Биз азыр Иран, Түркмөнстан жана Өзбекстандын темир жолдорунун мүмкүнчүлүктөрүн бириктирип, Ош шаарына чейин товар жеткирүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Бир айдын ичинде соода жолу аркылуу вагондор пилоттук негизде басып  өтүүгө даяр болушу керек. Биздин оюбузча, жаңы ачылып жаткан соода жолу атаандаштыкка жөндөмдүү болот”, - деп белгилеп өттү.

https://centralasia.media/news:1728867