10.09.21

Бишкек шаарында өткөн Соода-экономикалык кызматташтык боюнча “Кыргыз-түрк” өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Тактап айтканда, өкмөттөр аралык комиссиянын кеңешмесинин катышуучулары тарабынан төмөнкү документтерге кол коюлду:

– Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Түркия Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы тоо-кен тармагындагы өз ара түшүнүшүү меморандуму;

– Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Түркия Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы айлана-чөйрө жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;

– Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети жана Түркия Республикасынын Статистикалык институту ортосундагы статистика жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;

– Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору менен Түркия Республикасынын Халал аккредитация агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандуму;

http://kg.kabar.kg/news/kyrgyz-t-rk-km-tt-r-aralyk-komissiiasynyn-x-ke-eshmesinin-zhyiyntygy-boiuncha-5-dokumentke-kol-koiuldu/