09.09.21

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында, Түркия модасы жана текстиль товарларынын 4-көргөзмөсү ачылды. Анда кездемелер, аксессуарлар жана даяр кийимдер коюлган.

Көргөзмөнү  “Leader Expo”, “Kırgız Bi Expo” жана “Dordoy Union” фирмалары биргелешип уюштурушкан.

Иш чарага Түркиянын текстиль тармагында иш алып барган 50 фирма  катышты.

Көргөзмө өлкөнүн эң ири “Дордой”  соода-базар комплексинин аймагында өткөрүлдү.

Көргөзмөнүн ачылыш аземине, Түркиянын Бишкектеги толук ыйгарымдуу элчиси Ахмет Садык Доган мырза катышты. Журналистерге берген маегинде элчи мырза, узун тыныгуудан кийин Түркиянын мода жана текстиль жарманкесинин ачылышына канааттангандыгын билдирди.

Ахмет Садык Доган: “Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө болгондугу үчүн биздин текстиль ишканаларыбыз үчүн абдан ылайыктуу өлкө болуп эсептелет. Биз өзүбүздүн Түркиялык компанияларыбызды, Кыргызстанга өз продукцияларын жеткирүүгө жана жергиликтүү компаниялар менен кызматташууга үндөйбүз”, - билдирип өттү.

Анын айтымында, көргөзмөгө Түркиянын Стамбул жана Бурса сыяктуу ири шаарларынан көптөгөн компаниялардын продукциялары коюлган.

Дипломатиялык миссиянын башчысы көргөзмөнүн уюштуруучуларына ийгилик каалады.

https://www.aa.com.tr/ru/