18.09.21

Түркиянын  Транспорттук кызмат көргөзүүнү жөнгө салуу департаментинин  башкы директору Мурат Баштор жана Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министрлигинин өкүлү Шухрат Айтиев жетектеген делегация мүчөлөрү эки өлкөнүн транспорттук товар ташуусуна байланышкан  маселелерди талкуулашты.

Жыйындын жүрүшүндө, 1992-жылы Түркия жана Кыргызстандын ортосунда кол коюлган “Автомобиль транспорттук жүк ташуу” келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана эки тараптуу транзиттик товар ташууну либералдаштыруу чечими кабыл алынды. Ошол эле учурда, либералдаштыруунун укуктук базасын түзүү жана мурда түзүлгөн келишимди өзгөртүү боюнча протоколуна кол коюлду.

ЭКИ ТАРАПТУУ ТРАНЗИТТИК ТОВАР ТАШУУЛАР КОШУМЧА ДОКУМЕНТТЕР ТАЛАП КЫЛЫНБАСТАН ИШКЕ АШЫРУУГА МҮМКҮН БОЛОТ

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда товар ташууда пайда  болгон кыйынчылыктарды эске алганда, эки өлкөнүн ортосундагы  транспорттук байланыштардын биринчи жолу либералдаштырылып башташы, башка мамлекеттерге дагы үлгү боло турганы маанилүү кадам болуп эсептелет.

Түркия жана Кыргызстан мындай жаңы либералдаштыруу кадамы менен  жүк ташууда транзиттик документтер талап кылынбастан эки тараптуу жүк ташууларды жүргүзө алышат. Мындан тышкары, бул кадам эки өлкөнүн ортосундагы соода жүргүртүүсүндө чоң ыңгайлуулукту камсыздайт.

Ошондой эле жолугушууда эки өлкөнүн жеке секторунун өкүлдөрү жана транспорт ассоциациясынын өкүлдөрү биргеликте, кызматташтыкты мындан ары карай өнүктүрүүнү макулдашышты.

Түркиянын транспорт тармагынын өкүлдөрүнүн пикиринде, Кыргызстан Кытай менен чек арада жайгашкандыктан, маанилүү логистикалык потенциалга ээ. Бул багытта, Түркия жана Кыргызстандын транспортчулары логистикалык борборлорду куруу жана Кытайдын товарларын Европага ташуу боюнча пикир алмашып, кызматташууну чечишти.

https://www.trtavaz.com.tr/haber/tur/avrasyadan/turkiye-ile-kirgizistan-arasindaki-tasimalarin-serbestlestirilmesine-yonelik-adi/6145d4f501a30af5d0d5ea2f