14.09.21

Кыргызстанга ивенстиция  боюнча Түркия экинчи орунду ээледи. 2021-жылдын биринчи жарымында Түркиядан Кыргызстанга келген инвестициянын  көлөмү 62 миллион долларды түздү.

Бул тууралуу, Кыргызстандын Инвестициялар министринин орун басары Нурадил Баясов  пресс-конференция учурунда  журналистерге билдирди. Министрдин орун басары Кытай мурункудай эле инвестиция салууда биринчи орунда экендигин, бирок ошол эле учурда Түркиядан инвестициянын агымы көбөйгөндүгүн белгиледи.

Эскерте кетсек, бир апта мурун “Кыргыз-түрк” экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 10-отуруму жана ошондой эле Кыргызстан жана Түркиянын 300 ашык компанияларынын катышуусу менен бизнес форум болгон.

Иш - чаранын жыйынтыгында кызматташуу боюнча төмөндөгү меморандумдарга кол коюлган:

  • Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин алдындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) жана Стамбул мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ)  борборунун ортосунда
  • Кыргызстандагы банктардын союзу жана Түркиялык “UPT Ödeme Hizmetleri ve Elektronik Para A.Ş” ортосунда  акча которуу жана физикалык төлөм кызматтары жана өлкөлөр ортосундагы санариптик каналдар чөйрөсүндө
  • Стамбул мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору жана Евразия бизнес клубунун бизнес ассоциациясынын ортосунда  өнүктүрүүнү тездетүү, инновациялык жакшыртуу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүгүнүн жетишүүсү сыяктуу макулдашууларга жетишилген болучу.
  • https://economist.kg/novosti/2021/09/14/tureckie-investory-za-polgoda-vlozhili-v-kyrgyzstan-bolee-62-mln/