23.09.21

Кыргызстандын Өзбекстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Ибрагим Жунусов Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган маарекесинде, эки өлкөнүн башчылары тарабынан товар жүгүртүүнү  1 миллиард долларга жеткирүү жана келечекте аны 2 миллиард долларга чейин чыгаруу милдетин койгондугун билдирди.

Анын айтымында эки мамлекеттин кызматташтыгынын көп пландуу өнүгүүсүнө акыркы болуп өткөн окуялар  маанилүү болду. Тактап айтканда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө, соода жүгүртүүнү эки эсе көбөйтүү менен катар бардык тоскоолдуктарды жоюу жана ошондой эле уставдык капиталы 200 миллион доллар болгон “Кыргыз-өзбек” инвестициялык фондун түзүү боюнча келишимдер түзүлдү.

Ибрагим Жунусов: “Президенттин мамлекеттик иш сапары, экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн жаңы аянтча боло турган “Кыргыз-өзбек” ишкердик кеңешинин түзүлүшүнө өбөлгө түздү”- деп белгилеп өттү.

Эскерте кетсек, Ташкентте болуп өтткөн, биринчи “Кыргыз-өзбек” бизнес форумунун алкагында 550 миллион долларга бааланган,   биргелешкен 60 долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишилген жана бизнес-форумдун жыйынтыгында  тиешелүү келишимдерге кол коюлган.

http://kabar.kg/news/glava-kr-i-ruz-postavlena-zadacha-v-perspektive-dovesti-tovarooborot-do-2-mlrd-posol-zhunusov/