25.09.21

Иран Кыргызстанга деңизге чыгуу үчүн Бандар Аббас портунан жер бөлүп берет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана Ирандын Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян Нью-Йоркто өткөн БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагындагы жолугушуусунда белгилүү болду.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташуу, саламаттыкты сактоо тармагындагы өз ара аракеттенүү жана Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу маселелерди талкуулашты.

“Иран тарап Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) толук кандуу мүчөсү болууда анын талапкерлигин колдогондугу үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирди.

Министр Руслан Казакбаев өлкөлөр ортосундагы транзиттик жана транспорттук потенциалды пайдалануунун маанилүүлүгүн белгиледи, буга байланыштуу “Иран-Түркмөнстан-Өзбекстан-Кыргызстан” темир жол коридорун колдонууга кызыкдар экенин билдирген. Тышкы иштер министринин пикиринде, мындай кадам өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн өсүшүнө өбөлгө түзмөкчү.

Ирандын Тышкы иштер министрилиги, Кыргызстанга жерди жана Бандар-Аббас портунан тиешелүү инфраструктураны транзит жана товарларды жеткирүү үчүн берүү чечимин жарыялагандыгын билдирди.

Ошондой эле тараптар Бишкекте Ирандын соода борборун ачуу маселесин да талкуулашты.

Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян Руслан Казакбаевди ыңгайлуу убакта Иранга келүүгө чакырды, өз кезегинде кыргыз тарап да Ирандын тышкы иштер министрин Бишкекке келип кетүүгө чакырды.

https://24.kg/vlast/208353_iran_predostavit_kyirgyizstanu_dlya_vyihoda_namore_uchastok_vportu_bandar-abbas/