28.09.21

Кыргызстанда катуу пластикалык таңгактарды чыгаруучу заводду пайдаланууга берилди. Заовддун курулушун “Россия-Кыргызстан” өнүгүү фонду (РКӨФ) тарабынан  каржыланды. Катуу пластикалык таңгактарды чыгаруучу мындай ишкана Борбордук Азия чөлкөмүндөгү аналогу жок завод болуп эсептелет.

 “Россия-Кыргызстан” өнүгүү фонду тарабынан берилген 3 миллион доллар өлчөмүндөгү каражат “HTI Group” компаниясы тарабынан өндүрүш аянтын кеңейтүүгө  жана европалык өндүрүшттөн чыккан уникалдуу жабдууларын сатып алууга жумшалган. Мындай жабдуулар менен  жалпы  Орто Азияд өлкөлөрүндө аналогу жок продукция өндүрүү мүмкүндүгү пайда болду.

Бул долбоорду ишке ашыруу менен жылына 7 миллион долларга бааланган  продукцияны экспорттко чыгаруу мүмкүнчүлүгү пайда болот.   Мындан тышкары, ишкана мамлекеттик бюджетке салык жана социалдык чегерүүлөрдүн  негизинде  жылына 23,6 миллион сом акча каражатын төлөп берип турмакчы.

Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө “HTI Group” компаниясы пластикалык буюмдарды чыгаруу боюнча Борбор Азия рыногунда эң ири өндүрүүчү болуп саналат.

Өндүрүлгөн продукция өзгөчө тамак-ашты сактоо же утилизациядоо жана медицина тармагында  колдонулат.

http://kabar.kg/news/v-bishkeke-zapustili-unikal-noe-v-tcentral-noi-azii-proizvodstvo/