05.10.21

Кыргызстанга Түркиянын “OSTIM” индустриалдык аймагынын башчысы Орхан Айдын жана “OSTIM” техникалык университетинин ректору Мурат Юлек баштаган 22 адамдан турган делегация келди.

Кыргызстандын Инвестициялар министрлигинин маалыматы боюнча, Түркия тарап Кыргызстанда индустриалдык-өндүрүштүк аймакты ачууну сунуштап, биргеликте долбоорлорду ишке киргизүү үчүн зарыл болгон кадамдарды ишке ашыруу ниетин билдиришти.

Ошондой эле  биргелешкен “Кыргыз-Түрк” өнүктүрүү институтун ачуу боюнча макулдашууга жетишилди. Мындай кадамдар жогоруда коюлган максаттарга жетүүдө маанилүү роль ойномокчу.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик техникалык университети жана Түркиялык  “OSTIM”  техникалык университетинин ортосунда алмашуу программалары боюнча эки тараптуу меморандумдарга кол коюлду.

Көрүшмөлөр аягына чыккан соң, Түркиялык делегация мүчөлөрү “Бишкек” эркин экономикалык аймагына барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышуу жана мындан аркы кызматташуу маселелери талкуулоо үчүн жөнөп кетишти.

http://kabar.kg/news/turtciia-predlozhila-otkryt-promyshlenno-proizvodstvennuiu-zonu-i-kyrgyzsko-turetckii-institut-razvitiia/