13.10.21

Түркиянын соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Огузхан Ата Садикоглу Кыргызстанга келип,  Баткен облусунун жетекчилери менен жолугушту. Көрүшмөгө Баткен районунун акими Учкун Жоробаев жана Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов катышты.

Баткен Облустук администрациясынын билдиришинче, тараптар жашылча -жемиштерди кайра иштетүү, тоо-кен жана текстиль тармагында кызматташуу, анын ичинде тигүү фабрикасын куруу жана ачуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Түркиянын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы тажрыйба алмашуунун алкагында, Баткен облусунун жана Баткен шаарынын делегацияларын Түркияга келип кетүүгө чакырды.

https://www.turmush.kg/ru/news:1736381?from=portal&place=last&b=5