Премьер-министр Сапар Исаков Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин ишине катышуу алкагында Дубай шаарынын полициясынын Штаб-квартирасында болуп, анда полициянын ишмердүүлүгү жана "Акылдуу шаар" коомдук тартипти коргоодогу алдыңкы технологияларды колдонулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Дубай полициясынын башчысы Абдулла Халифа Аль Марри сегиз миң камера, ошондой эле мобилдик жабдуулар, спутник жана дрондун жардамы менен шаардын көчөлөрүндөгү абалды түз байкоого алуу башкаруу борбору менен тааныштырды. Аталган жабдуулар автоматтык түрдө укук бузууларды жана жарандардын жүзүн аныктайт.

"Биздин максат дүйнөдө эң коопсуз шаар болуу. Бул жакта заманбап маалыматтык технологиялар жана полиция кызматкерлери коомго кызмат кылышат. Штаб-квартиранын ишинде жасалма интеллект колдонулат", – деди Дубайдын полициясынын башчысы.

Премьер-министр Сапар Исаков Штаб-квартираны ишмердиги менен таанышуу Кыргыз өлкөсүндө "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашырууга тажрыйба алмашуу максатын көздөй турганын айтты.

"Бул жерде жогорку кесипкөй команда чогулуптур, жана сиздердин топтогон тажрыйбаңар бизге керек. Аталган долбоорду ишке ашыруу менен жол кырсыктардын жана кылмыштуулуктун көрсөткүчтөрү бир топ эле төмөндөйт деп күтүп жатабыз. Шаарларда камераларды жана башка технологияларды орнотуу - учурдун талабы", – деди Исаков.

Өкмөт башчы Дубай шаарынын полициясынын Штаб-квартирасынын өкүлдөрүн тажрыйба алмашуу жана кызматташуу суроолорун деталдуу талкулоо үчүн Кыргыз жергесине чакырды.

"Биздин жамаат Штаб-квартиранын ишмердүүлүгүнө берген жогорку баа үчүн ыразычылыгын билдирет. Дубайдын башчысы сиздердин алдыга коюлган маселерди ишке ашырууда көмөктөшүү жана колдоо көрсөтүү тапшырмасын берди. Биз "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн өзүбүздүн адистерибизди жиберүүгө даярбыз. Дүйнөдө ар бир укук коргоо органынын тартипти камсыз кылууда жана кылмыштуулукту азайтууда иштеп жаткан тажрыйбасы бар. Буга байланыштуу биз кыргыз тараптан дагы адистердин тобун күтөбүз", – деп белгиледи Дубай полициясынын башчысы.

Премьер-министр Сапар Исаков ушул сыяктуу долбоорлор абдан жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп, шаарларды санариптештирүүнүн жардамы менен коррупциялык көрүнүштөрдү азайтып, жергиликтүү бюджет толукталарын айтты.

 

"Башкысы инновациялар биздин жарандардын коопсуздук деңгээлин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүүдө. Азыркы тапта биз инвесторлор менен техникалык суроолорду иштеп чыгып жана "Акылдуу шаар" долбоорунун алкагында жаңы таасирдүү чечимдерди жана технологияларды издеп жатабыз", – деп белгиледи өкмөт башчы.