2017-жылы эмгек мигранттары Кыргызстанга  2 млрд 482,2 млн доллар жиберген. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында жарыяланды.

Декабрда Кыргызстанга акча которуулардын агымы  194.3 млн долларды түзгөн. Бул өткөн жылдагы ноябрь айына салыштырмалуу  10,9 млн долларга кем.  Акча которуулардын көлөмү акыркы 4 ай ичинде азайды. 2017-жылдын августуна салыштырмалуу, көрсөткүч 67,7 млн ​​АКШ долларына кыскарган.

Акча которуулардын 90 пайыздан ашыгы Россиядан келет. Бул өлкөдөн декабрда 190,4 млн. доллар которулган. 2017-жыл боюнча Россиядан мигранттар Кыргызстанга 2 млрд 435 млн доллар которушкан.

Белгилей кетсек, жылдын жыйынтыгы боюнча  акча которуулардын сыртка агымы да байкалган. Кыргызстандан башка өлкөлөргө  451,9 млн доллар жиберилген. Ошентип, Кыргызстанда акча которуулардын таза агымы  2 млрд 30,3 млн долларды түзгөн.