КРнын өкмөт башчысы бүгүн III Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына даярдык боюнча жумушчу жолугушуусун өткөрдү.

Өкмөт башчысы уюштуруучулардын жогорку даражалуу иш-чараны өткөрүүдө маанилүү милдеттерин белгиледи.

"Бул үчүн, уюштуруу маселелери гана эмес, ошол эле учурда бардык техникалык маселелерди, акыркы оюндар боюнча тажрыйбабызды  эске алуубуз керек. Бизде өзгөчө, бизге керектүү баардык мүмкүнчүлүктөр, масштабдуу иш-чараларды өткөрүү үчүн базабыз бар ", - деди Сапар Исаков.

Өкмөт башчы оюндарга даярдык тууралуу маалымат берип, аткаминерлер оюндун  ордун, VIP коноктордун, спорттук делегциялардын тизмесин түзүп жана журналисттердин анын ичинде чет элдик маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн аккредиттөө жөнүндө маселелерди чечип жаткандыгын билдирди.

Сапар Исаков маселелер өз убагында жана тийиштүү денгээлде чечилиши керек экенин белгилеп, III Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары даярдоо жана өткөрүү боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга көрсөтмө берди.

Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары Ысык-Көл облусунда 2018-жылдын 2-8-сентябрь аралыгында өтөт.