Turmush – Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаков  жетектеген кыргыз өкмөтүнүн делегациясы Өзбекстан чек арасында  салтанаттуу тосуп алынды.

Турмуш кабарчысынын жеринен берген кабарга караганда, "Достук-унаа жолу" бекетинде Кыргыз делегациясын Андижан облусунун губернатору Шухрат Абдурахмонов  жетектеген лидерлер тосуп алышты.

AKIpress мурда  кабарлагандай, Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысы Сапар Исаков ушул жылдын 29-мартында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аймактарынын башчылары менен биринчи жыйынына катышат. Өзбек делегациясын өкмөт башчы Абдуллах Арипов жетектейт.

Өзбекстан Президентинин 2017-жылдын 5-6-сентябрында Бишкек шаарында расмий иш сапары учурунда  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен  Өзбекстан Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга ылайык эки өлкөнүн чек ара аймактарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында  Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан жергиликтүү башкаруучулар ыйгарым укуктуу бир кеңеш түзүү  келишилген.

Биринчи жыйынынын жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулоо пландаштырылууда.

Кыргыз делегациясында министрликтер жана мекеме башчылары, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облусунун Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле чек ара аймактарында аймактык органдарынын жетекчилери бар.