Анкара (АКИpress) – Кыргызстан үчүн Түркия менен кызматташтык тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Муну президент Сооронбай Жээнбеков 10-апрелде Анкарадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.

Өлкө башчысы түрк кесиптеши Реджеп Тайип Эрдоган менен болгон жолугушуунун жыйынтыгына кыскача токтолду.

“Бул - менин мамлекет башчысы катары Түркияга биринчи жолку иш сапарым. Келгенден кийин, дароо эле Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугуштум. Жолугушуу конструктивдүү өтүп, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды. Түркия башчысы ачык түрдө, көңүлдөн сүйлөшүүнү сунуштады жана ачык диалог болду”, - деп билдирди ал.

С.Жээнбеков жолугушуунун жүрүшүндө товар айлануу, аскердик-техникалык багытта кызматташуу, ТИКАнын алкагында долбоорлорду жайылтуу “Ыйман” фондуна жардамды жаңылоо маселелерине токтолгонун билдирди. “Мурда бул фондго 10 млн долларлык жардам берүү боюнча макулдашууга жетишилген эле. Жардам 5 млн доллар өлчөмүндө берилип, бирок кийин бул маселе токтоп калган. Биз жардам берүү маселесин талкууладык”, - деп билдирди ал.

Анын айтымында, Кыргызстан үчүн Түркия менен кызматташтык - тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири. “Биз маселеге олуттуу карайбыз. Биз өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты мурдагы деңгээлде калыбына келтирүү менен чектелбей жаңы, жогорку деңгээлге алып чыгуу үчүн аракет кылабыз”, - деди Жээнбеков.