Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев расмий иш сапарынын алкагында Тажикстандын Тышкы иштер министри Сироджиддин Аслов менен  жолугушту.

Министрликтин басма сөз кызматы маалымдагандай, тараптар Борбордук Азия аймагында туруктуулук үчүн коркунучка каршы аракеттерди жана кыргыз-тажик чек арасында биргелешкен иш-чараларды тактоо, анын ичинде, эки тараптуу кызматташуу боюнча жалпы катар маселелерди талкуулашты.

Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылы февральда Тажикстанга болгон расмий иш сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды биргелешип ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

“Тараптар ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү жактарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл транспорт жана байланыш, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле соода-экономикалык жана суу-энергетикалык кызматташууга бурулду.

Өткөн талкуулардын жыйынтыгы жана жетишилген макулдашуулар боюнча мындан ары да өз ара пайдалуу мамилелерди жана кызматташтыкты бекемдөө үчүн өлкөлөрдүн каалоосун көрсөткөнүн баса белгиленди”,-деп айтылат билдирүүдө.