Бишкек (АКИpress) – 2018-жылдын 14-майында Сочи шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Орусиянын Президенти Владимир Путиндин эки тараптуу жолугушуусу өттү.

Тараптар Бажы биримдиги алкагындагы кызматташуу, анын ичинде эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Путин саламдашып жатып, бүгүн өз ара кызыкчылык жараткан бардык маселелер боюнча жай сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү боло тургандыгын билдирди.

"Биздин адаттагыдай эле өнөктөшө турган бир катар багыттарыбыз бар, жана жалпысынан, алардын жүрүшү жаман эмес... менин көзкарашымда. Сизди көргөнүмө абдан кубанычта экенимди айткым келет. Кош келдиңиз! "- деп айтты.

Өз кезегинде Сооронбай Жээнбеков, жолугушуу жана эки өлкөнүн ортосундагы актуалдуу маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонуна чын дилден бактылуу экенин айтты.

"Биринчи кезекте, сизди Орусия Федерациясынын президенттик кызматына расмий киришүүңүз менен. Сиздин жетекчилигиңиз астында, Орусия абдан олуттуу, көп ийгиликтерге жетишти. Сиздин жетекчилигиңиз менен Орусия өз өнүгүү жолунда – ички жана тышкы саясатта, - дагы да көп ийгиликтерге жетише алат деп ишенем жана  биз аны чын жүрөктөн каалайбыз ", - деди Жээнбеков.

Ошондой эле, Кыргызстандын президенти жыл башынан бери бардык багыттар боюнча кызматташуу баскычында диалог ишке ашкандыгын белгиледи.

"Өз кезегинде, стратегиялык негизги өнөктөшүбүз -  Орусия менен ар тараптуу кызматташтыкты бекемдөөдө Кыргызстандын өзгөрүлбөс багытын дагы бир жолу ырастагым келет. Орус жергесиндеги алгачкы мүнөтүбүздөн баштап сезилген жылуу кабыл алуу жана меймандостук үчүн сизге рахмат, - деп билдирди ал.