CA-NEWS (KG) – 28-майда Бишкекте "Кыргыз-казак - бир тууган" - талкуу аянтчасынын жыйыны болду.

Кыргызстандагы Казакстандын элчилигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмер, профессор Ж.Жоробеков, КР Эл артисти, режиссёр Б.Карагулов, "Кыргыз тили" коомунун президенти Р.Курбанов, жазуучулар M.Aбакиров, M.Tентимишев жана A.Сарманбетов катышты.

Дипломатиялык миссиянын башчысы Карим Кокрекбаев отурумда сүйлөп жатып, кыска убакыттын ичинде Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев жана Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрт жолу жолугушканын, тарыхый документтерге кол коюлуп, актуалдуу маселелер талкууланганын билдирди.

Анын айтымында, элчилик эки өлкөнүн ортосундагы туугандык, жакшы кошуналык жана өз ара пайдалуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү, анын ичинде маданий жана экономикалык тармактарга басым жасайт.

K.Koкрекбаев маданий-гуманитардык тармактагы кызматташтыктын өз ара мамилелердин негизинде жүзөгө ашарын айтты. "Казакстандын көркөм өнөр менен алектенген топтору, жеке аткаруучулар жана эксперттер Кыргызстанга конок катары көп келет. Ал эми бул боордош эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достукка байланыштуу болуп саналат ", - деди ал.

Талкуунун жүрүшүндө Ж.Жоробеков азыркы шарттарда, диний жана улуттар аралык негиздеги чыр-чатактарды дүйнөнүн ар кайсы аймактарында көрүүгө болорун, көп улуттуу жана көп диндүү коомду курууда Казакстан модели мааниге ээ экенин, ошондой эле, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү мындан тажрыйба алууга кызыктар экенин билдирди.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кинорежиссер Б.Карагулов кино жаатындагы эл аралык кызматташтыктын бүгүнкү күндө эл аралык маданият саясатынын алкагында негизги иш-чаралардын бири экендигин баса белгиледи. Анын айтымында, көркөм өнөрдүн абдан кооз жана массалык түрлөрүнүн бири болгон кино дипломатиялык максаттарды ишке ашыруу үчүн бир инструмент жана бул тармак  мындан ары да өнүгүү потециалына ээ.

Өз кезегинде Р.Курбанов кыргыз тилинин маселелерин көтөрүп, терминология жаатында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи, ошондой эле, кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча тажрыйбалары менен бөлүштү.

Жазуучулар M.Aбакиров жана M.Teнтимишев эки элдин интеллегенциясынын ортосундагы байланыштар  тууралуу кеп кылып заманбап “Манас таануу” изилдөөчүлөрүнүн уюштуруучусу катары М.Ауэзовду атады. Ал кишинин “Манас” эпосунун буга чейин белгилүү болгон дээрлик бардык версиясын изилдеген изилдөөчүлөрдүн бири экенин баса белгиледи. Алардын айтымында, кыргыз эли  М.Ауэзовду казак эли бирге өз уулу, жазуучусу жана көрүнүктүү өкүлү катары эсептейт.

Платформанын алкагында Шакарим Кудайберди-Улынын "Түрк, кыргыз, казак жана Хан династиясынын санжырасы" аттуу китеби кыргыз жана орус тилдеринде таанытылды.