Жакынкы күндөрү Кыргызстанда жогорку деңгээлдеги тышкы саясатка байланыштуу бир катар иш-чаралар өтөт. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев алдыда күтүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу айтып берди.

Анын маалыматында, Кыргызстанга жайында Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин, ал эми күзүндө түрк тилдүү өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын келүүсү күтүлүүдө.

“Жай тышкы саясат жагынан алып караганда абдан активдүү болот. Биз президенттердин, өкмөт жетекчилеринин, тышкы иштер министрлеринин жана башка ведомство башчыларынын деңгээлиндеги бар катар иш-чараларды пландадык”,-деп билдирди Абдылдаев.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, министр билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын июнь айында Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу болот, августта Кыргызстанга Индиянын тышкы иштер министри Сушма Сварадждын келүүсү күтүлүүдө.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинин саммити үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышынан кийин сентябрдын башында өткөрүлөт.